• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ата Мекендеги мандат талашка чекит коюлду

6 Чын куран 2018 14:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.04.2018.Govori.TV
Борбордук шайлоо комиссиясы Ата Мекен фракциясындагы мандат талашка чекит койду. БШК мүчөлөрү Ата Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун партиянын тизмесинде депутат болуу үчүн кезекте турган 5 талапкерди 2015-жылы жазган арызынын негизинде тизмеден алып салуу боюнча катын канааттандырган жок.
Кат 29-мартта келип түшкөн, анда партия тизмесиндеги Гульнара-Клара Самат, Ташполот Балтабаев, Талантбек Узакбаев, Рысбек Мирзаматов жана Нургуль Бакированы тизмеден алып салуу сунушталган.

БШК кызматкери Төлөгөн Айтикеев жогоруда аталган талапкерлери тизмеден чыгуу тууралуу 2015-жылы арыз жазганын, бирок анда бул арыздар каралган эмес деп билдирди.

Ал эми учурда бардык талапкерлери арызын кайтарып алгандыгына байланыштуу тизмеден чыгарууга болбостугун айтты.
Ата Мекен фракциясындагы мандат талаш депутат Аида Салянованын мандаты алынгандан кийин башталган.
Количество просмотров: 33