• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ата Мекендин желегине Сариев, Акаев, Момбековдордун биригиши коомдо түрдүү пикирлерди жаратты (Мультимедиа)

5 Кулжа 2020 18:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир топ саясатчылар «Жаңы дем» деген ураан алдында стратегиялык өнөктөштүккө бириккенин, парламенттик шайлоого чогуу аттанарын жарыялашты.

5-июнда кабыл алынган меморандумга Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен» социалисттик партиясы), Темир Сариев («Ак шумкар» саясий партиясы), Жанарбек Акаев (Кыргыз либералдык-демократиялык партиясы), Рыскелди Момбеков (Социал-демократиялык тобу), Тилек Токтогазиев («Жаңы Дем» жаштар бирикмеси) жана Азамат Темиркулов («Жашыл күчтɵрдүн коалициясы») кол коюшту.

Алар бул альянс шайлоо алдындагы гана долбоор эмес экенин, максаттары узак мөөнөттүү экенин айтып, негизги максаты — келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу жана жаңы күч катары элдин ишенимине ээ болуу экенин белгилешти.

Саясатчылардын бул биригүүсү коомчулуктун талкуусуна алынып, түрдүү пикирлерди жаратты.

Количество просмотров: 512