• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ата-Түрк» паркында өрт чыкты

17 Кулжа 202110:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Ата-Түрк» паркында куураган чөп өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-июнь күнү нөөмөт бөлүмгө «Ата-Түрк» эс алуу паркында куураган чөп күйүп жаткандыгы туралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине саат 19:22де өрткө каршы бөлүмүнөн бир бөлүм тартылган. Натыйжада ачык аянтта 40 чарчы метр куураган чөп жана бак күйгөн, өрт толугу менен саат 20:10 өчүрүлдү. Өрттүн себеби учурда такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 305