• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы жаңы лидерин шайлады

29 Жалган куран 2022 12:26 Бишкек Govori.TV

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы бүгүн жабык жыйын өткөрүп, фракциянын жаңы лидери болуп Нурланбек Шакиев шайланды. Бул тууралуу маалыматты аталган фракциядан кабарлашты.

Белгилей кетсек, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын мурунку лидери Бакыт Торобаев кечээ, 28-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Нурлан Шакиев 1977-жылы Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз агрардык академиясынан башкаруу адистигин аяктаган.

Количество просмотров: 135