• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

«Ата-Журт Кыргызстандан» 14 депутат бөлүнүп чыгып, «Мекенчил» деген топ түздү

6 Тогуздун айы 2022 10:51 Бишкек Govori.TV

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан 14 депутат бөлүнүп чыгып, өзүнчө «Мекенчил» деген топ түзүштү. Бул тууралуу ЖК жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев айтты.

Анын айтымында, 14 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келген. Белгилүү болгондой топтун жетекчиси болуп Элмурза Сатыбалдиев дайындалган.

«Мен жарыя кылып коюуну туура көрдүм. Биз «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери төрага болгонуна байланыштуу жана ич ара структуралар өзгөргөнүнө байланыштуу анын катарына кирген бир мандаттуу округдун депуттаттары бөлүнүп чыктык. 14 депутат. Ал эми фракция лидерлигине Бакыт Сыдыковду дайындадык», — деди депутат.

Количество просмотров: 1051