• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атазов «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына мүчө болду

20 Тогуздун айы 202217:38 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттеги Ата Журт фракциясына кошулду. Бул тууралуу ал өзү «Govori.TV»га билдирди.

Эске салсак, депутат Шайлообек Атазов №29 Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышында жалпы 90 депутат шайланып келген. Анда эл өкүлдөрү «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан», «Ыйман Нуру» парламенттик фракциялары «Элдик», «Мекенчил» депутаттык топтору жана бир мандаттуу округдардан шайланган депуттар болуп бөлүнгөн.

Количество просмотров: 378