• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Ата-Журт Кыргызстан” Ташиевдин мандаты боюнча чечим кабыл алды

27 Үчтүн айы 2022 14:30 Бишкек Govori.TV

“Ата-Журт Кыргызстан” Ташиевдин мандатына байланыштуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 26-январь күнү фракция жыйын өткөрүп, Шайырбек Ташиевдин  кайрылуусун талкуулап, мандатын тапшырууга түрткү болгон жагдайларды иликтөө үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдоду.

«Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» мыйзамдын 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 12-беренесине ылайык, Шайырбек Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруу маселесин ар тараптуу жана адилет иликтөөнү камсыз кылып берүү максатында, тиешелүү чараларды көрүүнү өтүнөбүз», –деп айтылат кайрылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев парламенттик шайлоодо №14 Жалал-Абад округунан депутат болуп келген. УКМК жетекчиси 23-январдагы маалымат жыйында иниси мандатын тапшыра турганын айткан.

Количество просмотров: 967