• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиевден мандатын тапшыруу боюнча кайрылуу келип түштү

26 Үчтүн айы 2022 18:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, Шайырбек Ташиев мандатын тапшыруу ниетин билдирип, кайрылуу жөнөткөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Бүгүн, 26-январь күнү Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери катары менин атыма фракциянын мүчөсү Ташиев Шайырбек Кыдыршаевичтен Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшыруу боюнча чечим кабыл алганы тууралуу кайрылуу келип түштү. Шайлоочулардан да кайрылуулар түшүп жатат, жагдай фракцияда каралат», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев анын бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев жакын арада мандатын тапшыра турганын 23-январдагы маалымат жыйында айткан.

Количество просмотров: 284