• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташиев: Казынаны толтурабыз деп казино ачкан туура эмес

30 Жалган куран 2022 15:26 Бишкек Govori.TV

Казино ачуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. Мыйзам долбоору кумарканаларды ачууга багытталган. Ал инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Долбоор Кыргызстандын аймагында оюн-зоок жайларын ачып, иштетүүнүн укуктук негиздерин, көзөмөл жүргүзүү жана жоопкерчилик маселесин карайт. Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр гана ача алат, ошондой эле кардарлар да чет өлкөлүктөр болушат.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин айтымында, казынаны толтурабыз деп казино ачкан туура эмес.

«Кумарканаларды иштетүүгө каршымын. Казынаны башка жолдор менен толтурса болот»,-деди Ташиев.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастан Жумабеков Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Мамлекет башчы Садыр Жапаров дагы бул идеяны колдой турганын билдирген. Бирок каршы чыккандар дагы болуп, талаш жаралган. Аталган демилге ЖКда биринчи окуудан өтүп, кийин ошол бойдон каралган эмес.

Количество просмотров: 791