• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атай Өмүрзаков менен даниялык өнөктөшү келишимин үзбөйт

3 Жалган куран 2022 16:13 Бишкек Govori.TV

Белгилүү кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков даниялык өнөктөшү менен келишимди үзбөйт. Бул ал өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Өмүрзаковдун айтымында, мындан ары бийчилер менен иштешүү ниети бар экени жазылган кат жөнөтүлгөн.

Буга чейин, бийчи Атай Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү Кыргызстан Украинадагы кырдаалда Орусияны колдойт деп буга чейин түзүлгөн келишимди үзгөнүн билдирген.

«Бүгүн Даниядан телефон чалышып, биздин келишим үзүлгөнүн билдиришти. Биз пандемиядан улам эки жыл иштеген эмеспиз, эми бир канча жылга тыюу салды. Эми жумуш издейин, артисттик кесип мен жана окуучуларым үчүн бүттү. «Силердин өлкө агрессорду колдоду. Биз силер менен кызматташа албайбыз» деп түшүндүрүштү. Мындай макам үчүн рахмат!» — деп жазган Өмүрзаков.

Количество просмотров: 75