• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

«Атайы ойноп бер деп суранышты». Жапаров беттештин башталышында сөз сүйлөдү

30 Баш оона 202320:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселонанын” мурдагы оюнчулары Азиянын ардагер футболчуларынын беттеши башталуу алдында турат.

Оюнга келген күйөрмандар стадиондо өз орундуктарын алууда.

Белгилей кетсек, Азия ардагер футболчуларынын катарында президент Садыр Жапаров да ойнойт.

Ал эми беттештин башталышында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, командаларга ийгилик каалады.

«Бүгүн тарыхый күн болуп жатат. Бул стадионго футболдун чыныгы күйөрмандар чогулуп олтурасыздар. Мен чыкпайт элем, бирок атайы суранышты, тарыхый окуя болуп жатат чыгып бериңиз деп. Макул болдум»,-деди президент.

29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылган. Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келген.

Ал эми бүгүн президент Садыр Жапаров «Барселона» футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салган.

Количество просмотров: 58