• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Атайы операция учурунда жабыркаган күч кызматкеринин абалы айтылды

17 Бугу 202319:06 Бишкек Govori.TV

Дмитриевка айылында шектүүнү кармоо боюнча атайын операция учурунда жабыркаган укук коргоо кызматкеринин абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 1991-жылы туулган жабырлануучу Э.Т. саат 10:45те сол санына ок тийип, тез жардам кызматы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген.

Дарыгерлер окту алып чыгуу боюнча жана жамбашынын сөөгүнүн сыныгына операция жасашты.

Бейтаптын операциядан кийинки абалы канааттандырарлык деп бааланууда, учурда дарыланып жатат.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында атайын операциянын жүрүшүндө эки күч кызматкери жаракат алган. Бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Санынан ок тийген экинчи жабырлануучу Улуттук госпиталга жеткирилген.

Количество просмотров: 169