• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Суусамырда жол кырсыгынан улам 5 тоннага жакын мазут жерге төгүлдү

24 Теке 202611:15 Бишкек Govori.TV

 Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгынан улам жер кыртышына 4-5 тоннага жакын мазут төгүлгөн факты боюнча күнөөлүү жаранга 20 миң сом айып салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, окуя Бишкек – Ош унаа жолунун 205-чакырымында катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мазут ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа оодарылып, күйүүчү май жер кыртышына төгүлгөнү аныкталган.

Учурда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча көзөмөл иштерин улантууда.

Министрлик кооптуу жүктөрдү ташууда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактоого чакырды.

Количество просмотров: 11