• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атайын репортаж: Шайлоо фонддору кантип көзөмөлдөнөт?

30 Аяк оона 2021 19:53 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттары шайланат. Жаңы Конституцияга жана өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, парламентке 90 депутат аралаш система менен келет. Шайлоочулар 54 депутатты партиялык тизме аркылуу преференциалдык система менен шайлайт. Ал эми 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдан тандалып келет. Буга жараша талапкерлер менен саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү тартибине өзгөртүүлөр кирди.

Мыйзамга ылайык, шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын шайлоо фонддору БШКнын уруксаты менен партия жана депутаттыкка талапкер тарабынан ачылат. Анын үгүт жана уюштуруу иштерине кеткен чыгымдары ошол фонддон гана каржыланышы керек. Каражат маселесине токтолсок, 18-октябрга чейин партиялар 1 млн сом шайлоо күрөөсүн төгөт, бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлер 100 миң өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүшү зарыл.

«Жалпы иш» коомдук фондунун юристи Тариэл Аалиев шайлоо фонддорунун каржы булагы ачык-айкын болушу керектигин айтат. Анын пикиринде, Кыргызстандыктар талапкерлер шайлоо фондун кандайча сарптаары жөнүндө көбүрөөк маалымат алса, каржылык айкындык жана маалыматтын ачыктыгы шайлоого болгон ишенимди жогорулатат.

«Жарандык платформа» коомдук уюмунун жетекчиси, шайлоо боюнча эксперт Айнура Усупбекова аралаш системада талапкерлер менен саясий партиялардын шайлоо фонддорун көзөмөлдөө оңой болбой турганын белгиледи.

Буга чейин саясий партиялардын айрымдары шайлоо фондунун эсебиндеги каражаттан сырткары талапкерлерден же башка демөөрчүлөрдөн накталай акча чогултуп, аны добуш сатып алууга жумшаган учурлары боюнча маселе көп жолу көтөрүлүп келген. Өткөн күздөгү парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, бийликтин алмашуусуна алып келди. Ошол себептүү Жогорку Кеңештин шайлоосу бир жыл кеч өткөнү турат. Ал эми серепчилер партиялардын шайлоо фонддору тыкыр көзөмөлгө алынганда гана алдыда өтчү кайра шайлоо таза өтөт деп үмүт артышууда.

Количество просмотров: 365