• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кайра шайлоого катышууну каалагандардын саны 14кө жетти

2 Баш оона 2023 10:54 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого катышууну каалагандардын саны 14ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Бүгүнкүгө карата БШКга депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн Нургүл Сооронбаева жана Мурат Эсенамановдон арыз келип түшкөн.

Ленин району боюнча шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз менен кайрылгандар:

  1. Эртай Искаков
  2. Аскар Алмаз уулу
  3. Эркин Бөлөкбаев
  4. Роман Ремнев
  5. Турсунбай Бакир уулу
  6. Куттубек Асылбеков
  7. Назарбек Нышанов
  8. Сулайман Мамаев
  9. Токтогул Какчекеев
  10. Жаныбек Абиров
  11. Русланбек Тагаев
  12. Бакыт Шаршембиев
  13. Нургүл Сооронбаева
  14. Мурат Эсенаманов

Кошумчалай кетсек, Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.

Количество просмотров: 89