• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Атайын репортаж: Өзүн-өзү башкаруу органдары кимге баш ийиши керек?

17 Аяк оона 2021 19:00 Бишкек Govori.TV

 

Жаңы кабыл алынган Баш мыйзам ишке киргени карапайым эл үчүн кандай өзгөрүүлөр болуп жатат деген суроо байма-бай берилүүдө. Ал эми жергиликтүү элдин ыңгайлуу жашоосу түздөн-түз жергиликтүү бийлик менен болгон карым-катнашынан көз каранды. Алардын ишин жакшыруу максатында деп, президент Садыр Жапаров район акимдери жана жергиликтүү өзүн—өзү башкаруу органдары тууралуу жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

Эл өкүлдөрү Жапаров сунуштаган мыйзамда акимдерге эбегейсиз чоң ыйгарым укутар берилгенине нааразы.  Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкек жана Ош шаарынын мэрин, акимдер айыл өкмөт менен башка калаа башчыларын дайындап калат.

Мындай артыкчылыктардын берилишине нааразы пикирин айткан депутаттар, жергиликтүү бийликтин башчысын тандоодо ошол жерде жашаган элдин оюн жогору коюу керек дешет.

Айрым эксперттер акимдерге баш ийип калган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү элди карабай эле, жогорку жактан жалтактап, алар эмне десе ошону аткарып калаарын айтышат.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев карапайым элге материалдык жардам көрсөтө албаган соң, жок дегенде жайына коюп, тандоо эркиндигин берүүнү туура дейт.

Мындай кайчы пикирилердин,сын кептердин айтылып жатканы жөн жерден эмес. Себеби, буга чейин райондук администрацияны жетекчисин жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлап келген. Ал эми быйыл 5-майда күчүнө кирген Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, эми акимдерди президент өзү дайындап бошотуп калды. Жарандык активист Шаирбек Маматокторов  мындай өзгөрүүлөрду шайлоого даярдык деп баалайт.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бирикмесиини эксперти Венера Балтабаева жергиликтүү жашоочулар менен ошол жердеги бийликтин ортосундагы байланыш, ишеним өтө маанилүү жагдай экенин айтат. Ал кошумчалагандай, өлкөнүн өнүгүүсү дал ушул аймактардан башталат, андыктан бул тармакка көңүл өтө кылдат бурулуусу керек.

Белгилей кетсек жакында эле Бишкек, Токмок жана Ош шаарында жаңы мэрлер шайланды. Бөтөнчө чуу Бишкек мэринин орундугунун терегинде байкалды. Октябрь окуяларынан бери борбор калаанын мэри болуп бир саат, бир күн иштегендер да болду.

Бул албетте шаардыктардын сын пикирин жаратты. Себеби аткаминерлер кызмат талашуу менен алек болуп жатканда шаардын чечилбеген көйгөйлөрү көбөйгөн. Коомчулуктун сынына президент жооп кайтарып, адискөй кадрларды тапмайынча кызматка коюп кайра алуу улана берерин билдирген эле.

 Өлкөнун гүлдөп өсүүсү жергиликтүү аймактардын абалынан, ал эми аймактардын өнүгүүсү жергиликтүү бийликтин жетекчилигине келген адискөй кадрдан көз каранды экени баарыбызга маалым. Президент Жапаров автор болгон район акимдери жана жергиликтүү өзүн—өзү башкаруу органдары тууралуу жаңы мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш артка кайтарды. Эми президенттик администрация айрым пунктарын кошумчалап кайра киргизиши керек.  А бирок, коомчулукту депутаттар өз пикиринде акыр аягына чейин кала алабы деген суроо ойлондурууда.

Количество просмотров: 432