• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Атайын репортаж: Жаңы Баш мыйзам ишке кирди, эмне өзгөрдү?

17 Баш оона 2021 19:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Конституциясынын кезектеги жаңы долбоорун парламенттик шайлоого байланышкан 2020-жылдын октябрдагы элдик толкундоолордон кийин келген жаңы бийлик сунуштаган. Конституциялык кеңешме иштеп чыгып, 11-апрелде референдум аркылуу кабыл алынган Баш мыйзам башкаруунун президенттик формасын ишке киргизди.

Ошентип Кыргызстан бийлик бир колго топтолгон президенттик башкарууда жашап жатат. Бирок карапайым эл үчүн эмне өзгөрдү деген суроо жаралат.

Ал эми саясий чөйрөдө жаңы Баш мыйзам өзгөрүү алып келеринен күмөн санагандар аз эмес. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев келечекте өлкөнүн башына кандай күн келээрин божомолдоодон алыс экенин айтуу менен, бирок жаңы мыйзам кабыл алынганы элдин жашоосунда өзгөрүү болбогонун айтат.
Референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык тиешелүү баардык мыйзамдарды шайкеш келтирүү аракеттери болуп, ЖК депутаттары “чала жазылганы”, “чийки” экени айтылып келген мыйзамдар тууралуу пикирлерин биринен бири өтүп билдиришүүдө. Ал эми депутат Рыскелди Момбеков эл өкүлдөрү кеч ойгонгонун, принципиалдуулукту буга чейин көрсөтүш керектигин айтат.

Бийликти бир колго топтоо менен жоопкерчилик да бир адамда болот деген жүйө менен бул Баш мыйзам кабыл алынганы маалым. Деген менен коомчулукта президент өлкөдөгү болуп жаткан айрым оор кырдаалдарга жоопкерчилик алганын ачык мисалдары көрүнө электиги айтышууда… Карапайым калкты кыйнаган экономикалык каатчылык, асмандаган баа, чечилбей келген чек ара чырынан улам келип чыккан Баткен окуясы, табыгый кырсыктарды алдын алуу маселелери ачык бойдон калууда.
Активист Руслан Акматбектин пикиринде президенттик башкаруу орногону менен жоопкерчилик маселеси дагы да чечилбей келет.

Алгачкы Конституцияны 1993-жылы 5-майда “легендарлуу парламент” кабыл алган. Андан кийин Баш мыйзамга президенттик башкарууну кепилдеген өзгөрүүлөр 1994, 1996, 1998, 2001, 2003, 2007-жылдары киргизилген. Президенттик башкаруу формасын парламенттик башкарууга алмаштырып, президенттин укуктарын чектеген Баш мыйзамды 2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин бийликке келген убактылуу өкмөт демилгелеген. Бул Баш мыйзамга өзгөртүү 2016-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда киргизилип, премьер-министрдин укуктары кеңейтилген.

Кыргызстандын Баш мыйзамы ушуну менен онунчу ирет өзгөрүп жатат. Ар келген бийлик Баш мыйзамга өз өзгөрүүлөрүн киргизүү менен алек болуп, эгемендиктин 30 жылдык тарыхында өйдөгө, өнүгүүгө карата өзгөрү аз болгону коомчулукту өкүндүрбөй койбойт.

Количество просмотров: 406