№1 тергөө абагында отурган бир нече жаран абак кызматкерлери тарабынан сабалган. Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын лидери Кадыр Атамбаев социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, окуя бүгүн, 20-декабрда болгон.
«Бүгүн Темирлан Султанбеков олтурган камерадагы жана анын жанындагы камералардагы адамдарды ЖАК кызматкерлери катуу сабашкан», — деп белгиледи Атамбаев.
Ал кошумчалагандай, Султанбеков болуп жаткан токмоктордун баарын көрүп, уккан. Султанбековдун жанындагы бардык камактагылар көзгө көрүнгөн физикалык соккуларды алышкан, айрыкча башы, бети, буттары жана денелеринин башка жерлери.
Ал кошумчалагандай, Султанбековдун сабалган камералаштарынын бири Башкы прокурорго, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жана Акыйкатчыга арыз жазган.
«Калган камералаштар жана камеранын кошуналары мындай кылуудан коркушат», — дейт Алмазбек Атамбаев.
Ал эми Жаза аткаруу кызматынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, бүгүн №1 СИЗОдо тыю салынган буюмдарга издөө иш-чаралары жүргөн. Башкармалыктын маалыматы боюнча, Атамбаев айткандай эч нерсе болгон эмес.