• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаев акчасын кайсы жерге катканын прокуратура издөөдө

24 Кулжа 2019 17:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу корутундусун Башкы прокуратурага өткөн аптада жөнөткөн.

Эртеси Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-июндагы токтомунун негизинде коммерциялык банктардан Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн депозиттик эсептери жана кутучалары боюнча документтерди алууга уруксаат берген. Соттун бул тизмесине төмөндөгүлөр киргизилген:
Атамбаев Алмазбек Шаршенович, Атамбаева Раиса Мирахмедовна, Атамбаев Кадырбек Алмазбекович, Атамбаева (Шагиева) Алия Алмазбековна, Атамбаев Сеилбек Алмазбекович, Атамбаев Сейтбек Алмазбекович, Атамбаева Диана Алмазбековна, Атамбаева Динара Алмазбековна, Шаршенов Нурбек Валибекович, Шагиева Альбина Рамильевна, Байбурин Артур Вилорович, Байбурина Лилия Тавфиковна,Рахмаджанова Жибек Манасовна, Сатыбалдиева Аэлита Жумабековна, Бектемиров Раис Эрикович, Шагиев Рамиль Минахмедович, Абдуллаев Кайрат Турдаджиевич, Пархати Субихи Вуфуерович, Темирбеков Азиз Пайзуллаевич, Ахмет Кая Мусакеев Дамир Сагындыкович.

Ал эми КСДП жооп кайтарды. Атамбаев өзү банктта эсеп ачбаптыр. Акчанын баарын Раиса айым кармаган экен.

«Алмазбек Шаршеновичтин жеке өзүнүн депозиттик эсеби, ал тургай банктык кутусу да жок. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч ким кутуларды ижарага да алып пайдаланбайт. Банкта бир гана Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби болсо, ага да камак салынган»,-деди К. Жолдубаева.
Говори ТВ интернет-каналдын маалыматы боюнча депутаттык комиссиянын отурумда сөз сүйлөгөндөр башкы прокуратурада сурак берип баштады. Бүгүн болсо экс-мэр Нариман Тюлеев суракка чакырылган.

Количество просмотров: 43