• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Атамбаев: Акыры бир күнү абактан чыгам

4 Чын куран 2022 11:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы башаламандыктарга байланыштуу соттук отурум уланып жатат. Сот отурумуна камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алынып келинди.

Отурумга күч менен алып келүү чечими чыккан мурдагы президент Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, учурдагы бийлик, түрмөдөгү шарттар жана ага карата жасалып жаткан мамилелер тууралуу айтты.

«Абакта мага баары жакшы мамиле кылат. Коронавирус пандемиясынан кийин жүрөк оорум күчөдү. Ал эми акыркы окуялардан кийин абалым начарлап кетти. Душмандарымдын көзүнө көрүнүп өлбөйм. Жакындарымдын кубанычына жашашым керек. Бирок чөгөлөп эмес, адамча жашоону каалайт элем. Баары кудайдан, акыры бир күнү абактан чыгам»,-деди Атамбаев.

Эске салсак, ИИМ октябрь окуялары боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси 5-6-октябрь окуялары боюнча, экинчиси — 9-октябрдагы «Ала-Тоо» аянтындагы митингдер боюнча.
Биринчи иштин алкагында «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов кармалган — алгач ага УКМКнын имаратын басып алуу боюнча айып тагылып, кийин беренесин массалык башаламандыктарды уюштурууга өзгөртүлгөн. Ал эми Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттик шайлоодо талапкер болгон Курсан Асановго Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча айып тагылган. Экинчи иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго, «Кыргызстандын социал демократтары» партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге айып тагылган. Султанбеков менен Сагымбаев алгач үй камагына чыгарылып, кийин бөгөт чаралары эч жакка кетпөө тил катына өзгөртүлгөн.

Количество просмотров: 1653