Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик (Кыргызпатент) автордук сый акыны төлөп берүү үчүн ырдын авторлорун издеп жатат.
Мекеменин маалыматына ылайык, 1012 адамдан турган тизмеде учурда абакта жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев да бар.
2017-жылы Атамбаевдин «Судьбе назло» аталышынагы альбому жарык көргөн. Альбомдо ошондой эле «Я не могу без тебя жить», «Мне не страшно умирать», «Нелепые слова», «Кыргызстаным» аталышындагы чыгармалар бар.
Кошумчалангандай, чыгармалары телерадиокомпаниялардын эфиринде колдонулган аткаруучулар менен байланыштын жоктугуна байланыштуу жыйымдар бөлүштүрүлбөй жаткан.
Автордук сый акыны бөлүштүрүү жана төлөө боюнча суроолор боюнча: 68-00-86, (0555) 77-81-51, (0550) 77-85-90, (0550) 77-82-08 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.