Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев атасынын наам, сыйлыктардан ажыратылышы тууралуу комментарий берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына атасы сыйлыкка муктаж эмес экенин жазды.
«Сыйлык боюнча! Атам сыйлыкка муктаж эмес. Кандай иштеди, эмне кылды ага кудай, андан кийин эл тараза. Башкаларга окшоп элди аткан эмес, качкан эмес. Керек болсо, убагында түрмөдөн да эл чыгарып алган. Элден кечирим сураган, бул менимче, эң маанилүү», — деп жазды.
Мунун алдында президент Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевди наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу жарлыкка кол койгон.