• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Атамбаев: «Батукаев мага эмес, мен баарына акча бергем»

8 Кулжа 201914:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.06.2019.Govori.TV.

Митингтин жүрүшүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу пикирин билдирип жатып, «Атамбаев президент кезинде Батукаевди боштондукка чыгаруу үчүн акча сураган, дегенге ким ишенет? Атамбаев бирөөдөн акча сураган эмес, дайыма өзү акча берип келген. Балким Сооронбай Жээнбеков акча алууга аралашкан болушу мүмкүн. Мага каршы көрсөтмө алабыз деп бейкүнөө адамдарды камап жатышат. Атаханов, Салянова, Рысалиев… Салянова жөнүндө айтсам, ал мени бир канча жылдан бери кыйнап келет. Бирок мен анык айта алам, ал бул кылмышка такыр тиешеси жок. Бул жерде Турсунбек Акун баштаган айрым кишилер акча иштеген болушу мүмкүн, бирок Салянова эмес. Мен аны билем, акчаны анын күйөөсү табат»-деп билдирди.

Количество просмотров: 30