Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого 16 партия катышууда.
Учурда партиялар шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн жугүзүп жатышат.
Мурунку депутат Өмүрбек Бабановдун дарыгерлер менен ыктыярчыларга «Даңк аллеясынан» жылдыз тапшыруу аземине келип катышуусу, коомдун талкуусуна алынды. Саясаттан биротоло кеттим деген Бабанов шайлоого аттанган «Республика» партиясын колдоого келгенин айтышууда.
Ал эми партиянын мүчөсү ЖК депутаты Руслан Казакбаевдин соцтармактагы баракчасына Бабанов менен чоогу түшкөн сүрөтүн жарыялап, «Кымбаттуу, сыймыктуу досум! Кош келдиң!», — деп жазуусу коомчулуктун кызыгуусун арттырып, суроолорду жаратууда.
Шайлоого аттанган партияларын колдоп чыккан эски саясатчылардын катарында «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев да бар. Өзү партиянын тизмесинде жок болгону менен, үгүт иштерине чыгып, эл алдында сөз сүйлөп, партияга колдоо көрсөтүп жаткан чагы.
Эске салсак, Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт. Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Учурда иш Биринчи май райондук сотунда кайра каралып жатат.
Ал эми абакта жаткан Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев да «Социал-демократтар» партиясын кош-колдоп алдыга сүрөп жаткан чагы. Абакта олтурса да анын сүрөттөрү менен баннерлер шаар көчөлөрүнө илинди. А мурунку президент абактан кайрылуу жолдоп, эркиндик менен демократияга добуш бериңиздер деген билдирүү таратты.
Саясатчы Камчыбек Ташиев баштап шайлоого аттанган «Мекенчил» партиясынын дагы баннерлеринде камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун сүрөтү менен чыгууда. Үгүт иштеринде колдонулган бул ыкмалар коомчулуктун ар кандай суроолорун жаратууда.