• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Атамбаев бийликке чакырык таштады. Саясий абал кандай өнүгөт?

28 Кулжа 2019 15:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол тийбестигинен ажыратылгандыгы жөнүндө өз пикирин билдирди. Парламенттин мындай кадамга барышын Атамбаев кышында эле билгенин жана тергөө боюнча чакыруу болсо барбай турганын айтты.

Андан тышкары, мурдагы президент учурда укуктук иштер калыс жүрбөй жатканын жана азыркы бийликти тааныбай турганын айтып, кол тийбестигинин алынышына байланыштуу тарапташтары митинг уюштурса чогуу чыга турганын кошумчалады.

Ал эми саясий талдоочу Айданбек Акматов мурдагы президенттин мындай кадамдарын чоң жаңжалга баргысы келип жатканынан кабар берет деп талдады. Андыктан, мындай учурда кылдаттык жана чеберчилик кылып,бул ишти мыйзамдын негизинде алып кетиш керектигин билдирди.

Бүгүнкү саясий кырдаалда Атамбаевди жактабайм ошол эле учурда каршы пикиримди дагы айтпайм деген саясатчы Чыныбай Турсунбеков маек учурунда өз пикирин айтты.

Мамлекетти 6 жыл башкарган өлкө башчысынан “экс” макамынан ажыратуу кадамы туура же туура эмес болгону коомчулукта кызуу талкуу жаратып, мындан кийинки саясий абал кандай өнүгөт деген суроо көпчүлүктүн көңүл чордонунда.

Количество просмотров: 26