Бишкек.22.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдие Кой-Таштагы үйүнө анын тарапташтары чогулду. Атамбаев алардын алдында сөз сүйлөп, аны колдоп келип жаткандарына ыраазычылык билдирди. Андан тышкары Атамбаев чимкириктердин сотуна мен бара турган адам эмесмин деген пикирин айтты.
«Жээнбековдун жанында жүргөн сасыган уурулар азыр аппак болуп чыга калышты. Анан жанагы чимкирик десем таарынышат. Биргелешип алып ошол уурулардын той-топурунда барып жатышпайбы. Мен эч качан бирөөдөн пара талап кылып, акча алган эмесмин, мен дайым берип келгем. Мен үчүн өзүмдүн ар намысым жана элимдин тынчтыгы бийик. Атым, намысым баарынан маанилүү. Анан чимкириктердин сотуна барчу Атамбаев эмесмин»,-деди Атамбаев.