• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаев чындап өкүндүбү?

20 Жетинин айы 2018 17:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.11.2018. Govori.TV
Экс-президент Алмазбек Атамбаев  кечээ  “Апрель” телеканалы аркылуу маек берип, бир топ жагдайларга токтолду. Сөз арасында мурда жасаган айрым иштерине өкүнүчүн дагы билдиргенге үлгүрдү.
Мурдагы президент Атамбаев Бишкектеги Дача-Су айылында кулаган учактагы жүк тууралуу окуяга токтолуп, жалган маалымат таратты деп айыптап , «Азаттык» жана «Заноза» басылмалырына  арыз жазганына өкүнүп турганын айтты.
Атамбаев өзүнүн тушундагы тышкы саясатка токтолуп, Казакстандын президенти Назарбаев жана Түркиянын президенти Эрдоган тууралуу пикирлерин мындайча билдирди.
Ал эми Ата-Мекен партиясынын камактагы депутаты Өмүрбек Текебаевге мыйзам чегинде чара көргонун учкай гана айтып отту. Бирок, коомчулук муну окунуу катары кабыл алды.
Мурдагы президент жалпы журналисттер журтчулугун ушакчы дегени үчүн бул жаатта дагы өкүнгөнүн мойнуна алды.
Ошентип, экс-президент өкүнгөнүн билдирген менен эч бир маселеге байланыштуу өзүмдүн дагы кунөөм бар эле деген сөз оозунан чыккан жок.

Количество просмотров: 28