• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атамбаев саякатта… Тарапташтары түрмөдө…

28 Үчтүн айы 2019 17:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV

Албек Ибраимовдун соту 30-январга жылды

Бүгүн, 28-январда Октябрь райондук сотунда Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум айрым айыпталуучулардын жактоочулары келбей калгандыгына байланыштуу сот отуруму 30-январга жылдырылды.

Эске салсак, 2018-жылдын 28-майында УКМК тарабынан “Дастан” ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. 23-июлда Албек Ибраимовго карата УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы жер тилкелерге байланыштуу коррупция боюнча жаңы айып угузулган. Экс-мэр ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Алмазбек Атамбаев Араб Эмиратына учуп кетти

Бүгүн, экс-президент Алмазбек Атамбаев  Индияга эмес, Бириккен Араб Эмиратына учуп кетти. Бул тууралуу КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева Govori.TV агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, мурунку президент Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүк эмгек өргүүгө кетти. Бир жумалык эс алуудан кийин үй-бүлөөсү менен кайра кайтып келет.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Атамбаев Индияга барууну көздөп жаткан.

Тарапташтары түрмөдө олтурса, Атамбаевдин эс алууга кеткени туура эмес

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмиратына учуп кеткендиги тууралуу маалымат боюнча Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Тюлеев өз оюн айтып фейсбук баракчасына билдирүү жазган.

“Атамбаев командасындагылардын түрмөдө олтурганына карабай эс алууга чет жакка чыгып кеткенине түшунбөйм. Мен чыккан соң башкалар да чыкмайынча эч жакка чыккан эмесмин.

Соттук процесстердин алдында Атамбаевдин балдарына ачык болууларын жана болгон нерсени так айтууларын сунуштайм. Атамбаевге силердин керегиңер жок экенин жана андан эч кандай колдоо болбосун көрүп турасыңар”,-деген маалымат калтырган.

«Мегаком» компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов өзү жетектеген ишкана тууралуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди. Анда ал Мегаком компаниясынын сатылбай турганын жана жетекчи катары учурда 200 миң сомдой айлык алаарын айтты.

Количество просмотров: 26