• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Экс-президенттин Жээнбеков менен элдешкиси келген

11 Бештин айы 2018 9:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.12.2018. Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына маек берип жатып, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен элдешүүгө кандай аракет кылгандыгын айтты.

«Албетте, бул чыр-чатактын эч ким кереги жок болчу. Улуу болгонум менен жыл башында бир топ кишини ортого салдым. Уялбай эле ачык айтайын. Фарид Ниязов да жакында маегинде ачык айтпадыбы. Ал киши да Жээнбековдун аппараттагы жакын адамына сүйлөшүп, өзү да барган. Андан кийин 2-3 депутат кирген. Мен да ынтымак, тынччылык керек деп айткам. Жээнбековдор муну башкача түшүнүптүр» — деди Атамбаев.

Ал элдешүү бир тараптан боло албастыгы, элдешүү үчүн эки адам бири-биринин колун кысышы керек деген пикирин айтты.

Атамбаев буга чейин бийликке сунуш катары айтылган пикирлери эске алынбай, азыркы бийлик коррупция менен күрөшүп жаткандай түр көрсөтүп, саясий оппоненттерди жок кылуу менен алектенип жатат деген оюн айткан жайы бар.

Ал эми кийинчерээк президент Жээнбеков Атамбаев менен эмнеге чырдаша кеткенин айтып берген.»КСДПнын съезди учурунда мени коррупция жана ЖЭБдеги  авария боюнча күнөөлөдү», — деген Жээнбеков.

Жээнбеков 2009-жылы президенттике КСДПдан талапкер болуп чыккан Атамбаевдин штабын жетектегенин, ошол учурдагы режимден коркуп аны колдогондор жокко эсе болгонун белгилеген.

Количество просмотров: 28