• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК: Экс-президент ЖМК менен болгон мамилесин сот аркылуу чечсин

30 Жетинин айы 2018 11:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.11.2018. Govori.TV
“КСДП” фракциясынын отурумунда депутат Ирина Карамушкина журналисттердин каралоосуна дуушар болгон партиянын лидери Алмазбек Атамбаев эмне кылышы керек деп кызыкты.
Анын айтымында, мурунку президенттин сүйлөгөн сөздөрүн кесип, аны жаман жагынан көрсөткөнгө аракет кылышууда.
«Анын ар кайсы жылда ар башка сүйлөгөн сөздөрүн пайдаланышып, коррупционер катары көрсөтүшүүдө. Эл көрүп жатат. Сотко берсең кайра сөз эркиндигине тыюу салып жатышат дешет. Кандай кылыш керек?», -деп сурады депутат УКМКнын башчысынын орун басары Асылбек Кожобековдон.
Асылбек Кожобеков мындай суроону укуктук негизде, сотко кайрылып чечүү керек деди.
Количество просмотров: 42