Бишкек.21.06.2019.Govori.TV.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча бир канча күндөн бери парламентте ар кандай пикирлер айтылып, 100 депутат аны статусунан ажыратуу үчүн башкы прокуратурага токтом жиберди.
Парламент Атамбаевди жоопко тартуу аракетин көрүп жатат. Буга чейин экс-президент журналисттерге уюштурулган маалымат жыйындардын биринде аны эл колдой турганын баса белгилеп айтканы бар. Ал эми учурдагы саясий кырдаал боюнча КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Эл Алмазбек Атамбаевди камоого жол бербейт, себеби экс-президент азыркы күндө бийликке каршы чыккан жалгыз саясатчы”, –деген билдирүүсүн жарыялаган эле.
Чындыгында эл Атамбаевди колдойбу? деген суроого жооп алуу максатында сурамжылоо жүргүзүп, бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу менен аны жоопко тартуу керекби? деген суроого шаар тургундары ача пикир айтышты.
Ошол эле учурда саясатчы Адахан Мадумаров күнөө артууда мыйзамга таянып, баардыгын эреже менен алып барыш керектигин айтты. Анын пикиринде, депутаттар 2 күндө шашып буйрутманы аткарабыз деп эртеңки күнү мыскыл болуп калбоо керек.
Кошумчалай кетсек, экс-президент макамы боюнча мыйзам Кыргызстанда биринчи болуп 2005-жылы кабыл алынып, эгемен Кыргызстандын 28 жылдык тарыхында өлкөнү башкарган беш президенттин экөөндө гана — Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде экс-президент макамы берилген.
Эгерде башкы прокуратура Атамбаевди бир катар кылмышка катышы бар деген күнөө тагып, камай турган болсо, Атамбаев айткан эл аны колдоп чыгабы, бул чоң суроо.