• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Атамбаев: Кан төгүлсө жоопкерчилик толук бойдон Жээнбековдун моюнунда болот

3 Теке 201918:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

«Сооронбай Жээнбеков да жоопкерчилигин сезиши керек. Момундай от менен ойноп жатып арты жаман бүтсө жоопкерчилик толугу менен азыркы президенттин мойнунда болот». Мындай пикирин мурунку президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-июлда КСДП тарабынан уюштурулган митингде сөз сүйлөп жатып айтты.

«Кудай сактасын кашык кан төгүлсө, эл бөлүнүп кетсе жоопкерчилик толук бойдон Сооронбай Жээнбековдун моюнунда. Ушуну билсин деп айтып жатам»,-деди ал.

Атамбаев өз сөзүндө 7-апрель болбогондо Жээнбековдор эч качан бийликке келбейт болчу деп кошумчалап өттү.

«Бул бийликке талаптарды коюу керек. Биринчиден бийлик тарасын. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрсө болот, жаштарга орун берүү керек»,-деди Атамбаев.

Эске салсак, бүгүн Атамбаевдин тарапташтары тынчтык митинг уюштуруп, ага мурунку президент Атамбаев баштаган КСДПнын өкүлдөрү, ЖКнын депутаттары Карамат Орозова, Ирина Карамушкина жана башка саясатчылар катышууда.

Количество просмотров: 28