• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атамбаев кайрадан сахнада! КСДПнын съезди 31-мартта болот

12 Жалган куран 2018 12:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.03.18.Govori.TV
Бир нече жолу артка жылдырылган КСДП партиясынын съезди 31-мартта болот. Бул тууралуу саясий кеңештин мүчөсү Марат Аманкулов «24.kg» агенттигине билдирди.

 

Ушул жумада партиянын саясий кеңеши чогулат. Ошондо съезд өтчү күн даана бекитилет,-дейт Марат Аманкулов.

КСДП партиясынын съездин көпчүлүк күтүп жатат. Себеби ошол иш чарадан кийин бир топ саясий бурулуштар болушу мүмкүн. Алмазбек Атамбаев президенттиктен кетээр алдында саясаттан кетпей тургандыгын, керек болсо КСДП  партиясынын тизмесин жетектеп парламенттик шайлоого бараарын айткан эле. Фарид Ниязов дагы КСДПнын иши менен алектенээрин айтып, Президенттин аппарат башчылык кызматынан кетти. Сооронбай Жээнбеков ММК жетекчилери менен жолуканда, иним Асылбек экөөбүз партия түзөлү деген оюбуз жок. Себеби ушул учурга чейин КСДП үчүн төшүбүздү тосуп келгенбиз деген. 

Алмазбек Атамбаев кайра саясатка келсе эмнелерди айтат? Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселе ошол.

Количество просмотров: 12