• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Атамбаев Кой-Таштагы үйүн бала бакча үчүн бермей болду деген маалымат -фейк

25 Бештин айы 201811:56 Бишкек Govori.TV

 Бишкек. 25.12.2018. Govori.TV.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев, Кой-Таштагы 3 кабаттуу үйүн 2010-жылдын, 7-апрелиндеги кандуу окуяда жабыркагандардын балдарына, бала бакча үчүн колдонууга берет, деген маалыматты  сайттар КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаевага таянып жазып чыккан.

Кой-Таш

Бирок Кундуз Жолдубаева бул маалымат фейк деп чыкты. Анын айтымында, мындай чечимди Атамбаев кабыл алган эмес, КСДП расмий маалымат таркаткан эмес.

7-апрель
Количество просмотров: 67