Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын курултайы быйыл апрелде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Алмаз Үсөнов «Азаттык» радиосуна билдирди.
Ал буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыяланган партиянын жаңы тизмеси тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген маалыматтарды четке какты. Азыр КСДПнын жаңы тизмесин түзүү тууралуу сөз жоктугун билдирди. Ошол эле маалда курултайдын күн тартибин так айткан жок.
Бүгүн парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков «Азаттык» радиосуна курган маегинде курултай апрелде өтөрү болжолдонуп жатканын ырастады.