• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Атамбаев мүлкүн сактоо аракетин кылып жатабы?

31 Бугу 2022 13:06 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Азиз Батукаевдин кылмыш иши боюнча мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин атасы курган үйүн камакка алат. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев Батукаевдин кылмыш иши боюнча соттолгон жана камакка алынган мүлктөрдүн арасында 1953-жылы Арашан айылында курулган атасынын үйү да бар. 

Ал эми кечээ, 30-майда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү соттун чечими менен мамлекетке өткөрүлүп, мүлктү каттоо жүрүп жатканын билдирген.

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү барган видеону Фейсбуктагы баракчасына жүктөдү. Анда жактоочулар менен мамлкеттик кызматкерлер үйдү мамлекетке өткөрүү боюнча талашып жатышканын көрүүгө болот. Адвокат үйдү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүү боюнча соттун чечими жок алууга болбой турганын айтууда.

Буга чейин «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу мурунку президенттин  Кой-Таштагы үйүндө 10-июнда эс алууга муктаж балдар үчүн акысыз билим берүүчү-ден соолукту чыңдоочу спорт комплекси ачыла турганын айткан.

Анын айтымында, мындай демилге Атамбаевдин тапшырмасы менен ишке ашуу алдында турат.

«Бүгүнкү күндө ремонт иштери аяктоо алдында турат. Ошондой эле, элдин жана Апрель окуясына байланыштуу уюмдардын суранычы жана Атамбаевдин тапшырмасы менен «Боз үй» имараты «7-апрель — антибакиевдик символ» аттуу музей болот. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекеттин эсебинен курулбаган бирден-бир имарат – Атамбаев президент болуп турганда мамлекетке өткөрүп берген резиденция, калгандары мамлекет тарабынан курулган үйлөрдө жашап, иштеп жатышат», — деп жазат ал.

Белгилей кетсек, 30-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча айыптоо актысын жарыялаган.

Мындан улам айрымдар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мындай кадамдарын мүлкүн сактап калуу аракетин кылып жатат деп божомолдошууда.

Алардын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна Атамбаев ээлик кылган Кой-Таштагы үй буга чейин өткөн, андыктан мамлекеттин карамагындагы мүлктү Атамбаев өз билгендей колдоно албайт.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевге 2019-жылдан баштап жалпы 7 кылмыш иши козголуп, бирөөсү боюнча чечим чыккан. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулганына байланыштуу кылмыш иши боюнча 2020-жылы июнь айында Атамбаев 11 жылга соттолгон. Анда бир топ үй-мүлкү конфискацияланган. Октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин адвокаттарынын кайрылуусу менен Жогорку сот Батукаев ишин кайра кароого жөнөтөт. Бирок 2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген.

Мындан сырткары Атамбаев Кой-Таш окуясы, ЖЭБди модернизациялоо, Кой-Таштагы жер тилкеси, түрк жарандарына мыйзамсыз жарандык берүү, Октябрь окуялары боюнча дагы айыпталып жатат.

Количество просмотров: 203