• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Атамбаев: Мен билгем жайында чечим кабыл алып камашаарын

27 Кулжа 201921:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраттуу боюнча чечим кабыл алгандан соң, ал журналисттер менен жолугуп суроолорго жооп берди.

Анда мурдагы мамлекет башчысы “Биз укуктук талаадан чыгып кеттик, мен азыркы бийликти тааныбай, өздөрүнүнө тиешелүүлөрдү корголоп, башкаларды ар кандай шылтоолор менен камап жатат” деп билдирди.

Ошондой эле ал “Жыл башында эле жайга жакын чечим кабыл алып мени камайт”- деген оюн Фарид Ниязов менен бөлүшкөнүн айтты.

Ал эми кайра президенттик тактыга барасызбы?-деген суроого. “Мен президенттикке тойдум жаштар бар да”-деп жооп кайтарды.

Ал эми “Алмазбек Атамбаев өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүнбү?-деген кайрылууга, “Бул менин мекеним. Мени качат дегендер эртели кеч өздөрү качат”-деп кошумчалады.

Количество просмотров: 27