Бишкек.02.07.2019.Govori.TV.
А.Атамбаев анын билдирүүсүнүн текстин башка бирөө жазган болушу мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу ал Кой-Ташта чогулган тарапташтарынын алдына чыгып сөз сүйлөп жатып айтты.
«Ага эмне деп айта алам? Муну ал жазган жок деп ойлойм. Антпесе ал булар өзүнүн ойлору экенин эстемек (2010-жылы)… Эгер өзү жазса, башка бирөөнүн көзүнөн саман издеген адамдар бар», — деди Атамбаев.
Эске салсак, буга чейин Р.Отунбаева Атамбаевге карата 2016-жылы башталган импичмент процедурасы логикалык жактан өнүккөнүн, ошондой эле парламенттин маанилүү ролу тууралуу айткан болчу.