• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Атамбаев Салянованын камалганы тууралуу үн катты

8 Кулжа 201914:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн Бишкекте өткөн КСДП тарабынан уюштурулган “Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн” митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, Аида Салянованын камалышы негизсиз болгонун билидирди.

«Атамбаев президент кезинде Батукаевди боштондукка чыгаруу үчүн акча сураган, дегенге ким ишенет? Атамбаев бирөөдөн акча сураган эмес, дайыма өзү акча берип келген. Балким Сооронбай Жээнбеков акча алууга аралашкан болушу мүмкүн. Мага каршы көрсөтмө алабыз деп бейкүнөө адамдарды камап жатышат. Салянова жөнүндө айтсам, ал мени бир канча жылдан бери кыйнап келет. Бирок мен анык айта алам, ал бул кылмышка такыр тиешеси жок. Бул жерде башка бир айрым кишилер акча иштеген болушу мүмкүн, бирок Салянова эмес. Мен аны билем, акчаны күйөөсү табат»,-деди ал.

Эске салсак, Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кармалып, 26-июнга чейин камакка алынга.

Количество просмотров: 22