• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атамбаев саясий лидерлерди чогултуп жатат

8 Тогуздун айы 2020 17:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев талап-тоноочулукка каршы 9-октябрь күнү митингге чыгат. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, митинг «Форум» имаратынан алдында өтмөкчү.

«Биз бардык демократиялык, элдик-мекенчил жана башка прогрессивдүү  күчтөрдү өлкөдө туруктуулук, тынчтык, мыйзамдуулукту орнотуу максатында, үй-бүлөлүк жана кландык режимдердин реванш алуусуна жана талап-тоноочулукка каршы 9-октябрь күнү саат 14:00дө “Форум” имаратынын алдында митингге чыгууга чакырабыз. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин, ошондой эле мыйзамдуулук жана тартип орнотулушун каалаган бардык саясий партиялардын лидерлеринин катышуусу күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын УКМКнын имараттарын, ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Количество просмотров: 3913