• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Атамбаев сотко жеткирилди

23 Бештин айы 202014:58 Бишкек Govori.TV

23-декабрда экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна алынып келди. Ал Президенттин Администрациясынын мурунку башчысы Фарид Ниязовдун жанындагы атайын бөлмөгө отургузулду.

Буга чейин сот Атамбаевдин ден-соолугуна байланыштуу бир нече жолу жылдырылган.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев менен чогуу «Бишкектин Жылуулук электр борборундагы коррупция», «Терек» сурма кениндеги коррупция», «Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу» деген үч эпизоддон турган кылмыш ишине байланыштуу айыпталууда.

Количество просмотров: 1319