• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров сотко жеткирилди

27 Теке 2021 11:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-июлда «Кумтөргө» байланыштуу кармалган Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров сотко жеткирилди.

Маалым болгондой, Биринчи май райондук соту Жээнбеков менен Зулпукаровдун бөгөт чарасын узартуу маселесин карайт. Соттун алдына алардын тарапташтары чогулуп, боштондукка чыгарууну талап кылып жатышат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган. Бул чечимди 31-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. УКМКнын маалыматына ылайык, депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.

Количество просмотров: 370