• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Атамбаев: УКМК коопсуздуктун коркунучу болуп калды

8 Кулжа 201913:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан КСДП тарабынан уюштурулган «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» митингде экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп: «Азыркы УКМК мамлекеттик коопсуздуктун коркунучу болуп калды»,-деген пикирин айтты.
«Күнөөсүз адамдарды, өзүнө кереги жокторду камакка алып, Жээнбеков өзүнүн кланындагы адамдарды коюп жатат. Коопсуздук комитети коопсуздукту сактабай эле тескерисинче коркунучу болуп калды. Баарыңыздарга белгилүү болгондой Салянованы да камакка алды. Бул туура эмес. Ал эми Сапар Исаковду, Илмияновду, экс-мэрлер Кулматов, Ибраимовдорду мыйзамсыз камап коюшканын дайым эле айтып келем»,-деди Атамбаев.


Эске салсак, коррупцияга каршы КСДП митингге чыгып, ага 300дөй адам чогулду.

Количество просмотров: 27