Бишкек.28.06.2019.Govori.TV.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев парламенттин аны экс-президент макамынан ажыраткан чечимине карата журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин тааныбасын айтты.
“Мен мурда эле тааныбайм деп айткам. Себеби анын легитимдүүлүгүндө чоң маселе бар. Адам деген адашат. Менин тегерегимдеги эң жакын досторум Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов болчу. Бирок мен адамдын ичин көрө албайт экем да”, — деди ал.