• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаевди багынткан Курсан Асанов кызматтан алынды

13 Баш оона 2019 17:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 13-августта ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта «Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыкты алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү» деп айтылат. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен «милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн» ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш киргизилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурасына юридикалык баа бериш үчүн жиберилди»,-деп жазылган.

Ал эми министрдин жаңы орун басары Памир Асанов ички курамга тааныштырылды.

Ал эми тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Эске салсак, Асанов 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда аны менен сүйлөшүү жүргүзгөн болчу.

Количество просмотров: 86