• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Атамбаевди кармоо операциясынын экинчи толкуну башталуу алдында турат

7 Баш оона 201923:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.08.2019. Govori.TV

Ушул тапта Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү абал курчуп турат. Бул туурасында жеринде иштеп жаткан Govori.TV агенттигинин кабарчылары билдирип жатат.

Белгилүү болгондой, УКМКнын атайын даярдыктагы курамын Атамбаевдин тарапташтары ур-токмокко алып, куралдарын тартып алып, аларды кууп чыгышты.

Жеринде Фарин Ниязов журналисттерге чыгып, Атамбаев өзүнүн үйүндө экендигин айтты.

Мындан сырктары Атамбаевдин үйүндө депутаттар Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, коомдук ишмерлер Равшан Жээнбеков, Кылычбек Султановдор жүрүшөт.

Атамбаевдин үйүнөн 500 метр ары жакта ИИМдин куралчан тобу турат.

УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында атайын даярдыктагы аскерлер элди атып жатканы тууралуу маалыматты жокко чыгарды. Ошондой эле чагымчылдык маалыматты тараткан жарандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти. 

«Атайын даярдыктагы аскер кызматкерлери резина окторду гана пайдаланууда. Ал эми үй тараптан ок атылып жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 24