• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Атамбаевди жактагандар кимдер?

1 Теке 201920:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткандан кийин, анын тарапташтары бийликтеги айрым саясатчылар дагы Атамбаевдин тарабына өттү деген түс көрсөтө баштады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө 30-июнда президенттин кеңешчиси Айбек Азыранкулов барды. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Атамбаевге колдоосун билдирди. Бирок анын кызматтан кеткендиги туурасында расмий маалымат жок.

Мындан сырткары, мурдагы президентке колдоп баргандардын сап башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев жана мурдагы ички иштер министри Улан Исраиловдор дагы бар.

Количество просмотров: 26