• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Атамбаевдин абалы айтылды

4 Чын куран 202215:08 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кан басымы түшүп кеткен. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевди тез жардам кызматы менен №47 колонияга алып кетишти.

«Тез жардам кызматы дагы жөн жерден чакырылган жок, дарыгерлер биринчи жардам көрсөтүштү. Кан басымын текшерип, жүрөгүн электрокардиографияга (ЭКГ) тартышты. Абалы туруктуу эмес. Эртең Октябрь окуялары боюнча соттук отурумга катышабы же жокпу белгисиз»,-деди жактоочу.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуялары боюнча сот отуруму өттү. Сот отуруму бүткөндөн кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы начарлап, тез жардам чакыртылган.

Количество просмотров: 401