• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаевдин иши сотко качан өтөөрү айтылды

23 Аяк оона 2019 13:44 Бишкек Govori.TV

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин иши 26-сентябрдан кийин сотко өтөөрү тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМ министринин орун басары Памир Асанов билдирди.

«Белгилүү болгондой бул иштин алкагында 19 адамга карата кылмыш иши ачылган жана жоопкерчиликке тартылууда. Таанышуу иштери бүттү, ал эми айыталуучу тарап бүгүн ходатайство берген. Ал процедурага ылайык 3 күндүн ичинде каралып жооп берилүүсү керек. Эгер биздин жооп канааттандырбыса Башкы прокуратурага кайрылууга укугу бар, алар да 3 күн карап жообун берет. 26-сентябрда бүтөт, андан соң сотко жиберилет», — деди Асанов.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулуусу тууралуу кылмыш иши тергелип, ага катыштыгы бар делген мурунку президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир топ аткаминээрлер камакка алынган.

Количество просмотров: 1169