• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Атамбаевдин үй-бүлөсү Кой-Таштагы үйүнөн чыгарылууда

13 Аяк оона 202518:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүн Кой-Таштагы үйүнөн күч менен көчүрүү аракети жүрүп жатканын мурдагы президенттин кызы Алия Шагиева соцтармак баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка караганда, сот аткаруучулар жана мамлекеттик органдын өкүлдөрү үйдүн эшигин күч менен ачып, эмеректерди көчөгө чыгара башташкан. Анын айтымында, темир эшик атайын шаймандар менен кесилген.

Кадыр Атамбаевдин айтымында алар үйдөн оокаттарын топтоп чыгып кетүүсүнө убакыт берилген эмес, ал эми соттук процесс аягына чыга элек.

«Биздин эмеректерге деп контейнер алып келип коюшкан»,-дейт ал.

12-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин уулу, “Социал-демократтар” партиясынын лидерлеринин бири Кадырбек Атамбаев сот аткаруучулар өзүн, апасын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн Кой-Таштагы үйүнөн чыгарып жатышканын кабарлап, бул иш аппеляциялык соттордо каралып бүтө электе башталганын билдирген.

Кийинчерээк Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Тимур Малбашев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жеринин жарымына карылар үйү, жарымына бала бакча куруларын айткан.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-президентАлмазбек Атамбаевди Кой-Таш окуясына байланыштуу күнөөлүү деп таап, 11,5 жылга кескен. Бул иш шаардык сотко жеткен.

Количество просмотров: 326